Күрөш боюнча 6 машыктыруучуга спорттун отличниги наамы берилди

25 декабрь 2020 15:48 1490 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Күрөш түрлөрү боюнча машыктыруучулар жана Кыргызстандын күрөш федерациясынын өкүлдөрү сыйлык алышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Кечээ, 24-декабрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн күрөш түрлөрү боюнча машыктыруучуларды жана Кыргызстандын күрөш федерациясынын өкүлдөрүн сыйлады.

«Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун отличниги» наамы төмөнкү адамдарга берилди:

  • Азат Эркимбаев, КРнын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу;
  • Улукбек Карачолоков, КРнын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын ага машыктыруучусу;
  • Арсен Эралиев, грек-рим күрөшү боюнча ага машыктыруучу (U-23);
  • Исламбек Тазабеков, эркин күрөш боюнча ага машыктыруучу (U-23);
  • Айбек Монолов, күрөш федерациясынын вице-президенти;
  • Ахрор Иминов, күрөш федерациясынын вице-президенти.

Ошондой эле, кадеттер арасындагы кыз-келиндер күрөшү боюнча ага машыктыруучу Үсөналы Рыскулов жана өспүрүмдөр арасындагы эркин күрөш боюнча ага машыктыруучу Нурдин Донбаев Мамлекеттик агенттиктин Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, сыйлык тапшыруу салтанаты КРнын күрөш федерациясы тарабынан уюштурулган 2020-жылдын жыйынтыгы менен күрөш түрлөрү боюнча спортчуларды сыйлоо аземинин алкагында өттү.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-respublikasynyn-dene-tarbiya-zhana-sportunun-otlichnigi-naamy-krsh-trlr-boyuncha-mashyktyruuchularga-berildi



Добавить комментарий