Кырчынга бара жаткан үч жеңил унаа кырсыкка кабылды

6 сентябрь 2018 13:05 1083 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосуна бара жаткан унаалар жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. 

Маалым болгондой, Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда 3 жеңил унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталды. Кырсык  кечээ, 5-сентябрь күнү саат 17:15 чамасында Кырчын жайлоосуна бара жаткан жолдо болгон. Анда эки Фольксваген Гольф жана Субару Форестер үлгүсүндөгү унаалары сүзүшкөн. Жабыркаган айдоочулар жана жүргүнчүлөр аймактык ооруканага жеткирилди. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrchynga-bara-zhatkan-ch-zheil-unaa-kyrsykka-kabyldy



Добавить комментарий