Кыпкызыл болуп. Камчыбек Жолдошбаев дагы да нааразы болду

24 май 2018 22:40 1067 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Силер көрдүңөрбү, биз бул жакта кандай көрүнүп жатабыз? Бетибиз кызыл, мурдубуз кызыл. Силерди го алар, жакшы сапатта көрсөтүшөт, ал эми биздин көрүнүшүбүздү оңдосо жакшы болот эле” - деп билдирди 24-майда Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Камчыбек Жолдошбаев вице-спикер Мирлан Бакировго кайрылып. Камчыбек Жолдошбаевдин айтымында пленардык жыйындын КТРК аркылуу эфирге чыгуусунун сапаты талапка жооп бербейт. Эске салсак, буга чейин Жолдошбаев Парламенттин жыйынында, уялганынан кайда кетээрин билбей калганын жар салып, айрым кесиптештери жана алардын жардамчылары маршрут менен жүргөнүнө арданаарын билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/kypkyzyl-bolup-kamchybek-zholdoshbaev-dagy-da-naarazy-boldu



Добавить комментарий