Кылычбек Султан: "Президент министр Абдылдаевди кызматтан алып, ТИМди толук тазалоо демилгесин көтөрөт деп ойлойм"
Тышкы иштер министрлиги Эрлан Абдылдаев президент Сооронбай Жээнбековго Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султанды кызматтан бошотуу өтүнүчүн суранды. Министрдин сунушу боюнча элчи Кылычбек Султан Барометрге оюн билдирип, өлкө башчысы Абылдаевди кызматтан алат деп үмүттөнуп жатканын айтты.
“Президент Эрлан Абдылдаевдин сунушун колдобойт деп ойлойм. Анткени коррупцияны атын ачык атоого Президент Сооронбай Жээнбеков өзү үндөп келген. Менин божомолумда Президент министр Абдылдаевди кызматтан кетирип, Тышкы иштер министрлигин толук тазалоо демилгесин көтөрөт деп ойлойм", - деп билдирди Кылычбек Султан.
Белгилей кетсек, кечээ Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султан Бишкекте маалымат жыйын уюштуруп, президенттик аппараттан Каденова тууралуу маалыматты таратпагыла деген көрсөтмө келгенин айткан. Ал ортодо президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева Султановдун айткандарын четке каккан.
Добавить комментарий ×