Кылычбек Исамамбетов: Ахматбек Келдибеков Соцфондду банкроттук абалдан чыгарган

21 ноябрь 2021 16:23 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Саясий ишмер Ахматбек Келдибеков салык тармагын жетектеп турганда чачырап бараткан системаны эпке келтирген. Бул тууралуу "Азаттык" демократиялык партиясы саясий партиясынан талапкер Кылычбек Исамамбетов билдирди.

“Кайда барбайлы элдер Ахматбек Келдибековичти урмат-сый менен тосуп алып, Социалдык фондду банкроттук абалдан чыгарганын, биринчи жолу пенсияны көтөргөнүн айтышууда. Ахматбек Келдибеков Кыргызстандагы күчтүү финансист, мыкты менеджер, эрки күчтүү  саясатчы. Кайсыл жакка барбайлы элдер урмат-сый менен тосуп алып, Социалдык фондду банкроттук абалдан чыгарганын,  Кыргызстанда биринчи жолу пенсияны көтөргөнүн айтып, ыраазычылык билдирип  жатышат. Салык тармагын жетектеп турганда  чачырап бараткан системаны эпке келтиргенин да баса белгилешүүдө. Ахматбек Келдибекович “Ата Журт” партиясын түзүүгө жана 2010-жылкы шайлоодо партиянын көп добуш алышына  чоң салым кошкон. Тагыраагы, “Ата Журт” партиясы  революциячыл партиялардан озуп, көп добуш алган.  Буюрса, бул жолу да эл Ахматбек Келдибековичтин эмгегин  балаап, татыктуу баасын берет деп ишенем", - деген пикирин билдирди Кылычбек Исамамбетов.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо болот. Ахматбек Келдибеков шайлоого катышып жаткан “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынын тең төрагасы болуп эсептелет.“Азаттык” саясий партиясы шайлоо тизмесинде №10 катар номери менен катышууда.

Даярдалды: Barometr.kg. 1 нуска, 21.11.2021-жыл, “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясы тапшырык берген.

“Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан партиянын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Токтосунова Гүлира Базаровна тарабынан төлөндү.
(03.09.2021-жылдагы №34 каттоо күбөлүгү) 

Ссылка: https://barometr.kg/kylychbek-isamambetov-ahmatbek-keldibekovich-salyk-tarmagyn-zhetektep-turganda-chachyrap-baratkan-sistemany-epke-keltirgen



Добавить комментарий