"Кувейт-Ош-Кувейт" багытындагы авиакаттамы ачылды

28 октябрь 2019 17:15 2660 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 28-октябрда «Jazeera Airways» авиакомпаниясынын «Кувейт-Ош-Кувейт» багыты боюнча биринчи каттамы ачылды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан кабарлады.

Салтка ылайык, Airbus-320 Neo учагын суу аркасы менен тосуп алышкан. Оштон Кувейт шаарына 139 жүргүнчү учууга катталды. Авиакаттамдар жумасына эки жолу - дуйшөмбү, шаршемби күндөрү аткарылат.

Ссылка: https://barometr.kg/kuvejt-osh-kuvejt-bagytyndagy-aviakattamy-achyldy



Добавить комментарий