Даамдуу куурдакты кантип жазаса болот?
Кыргыздарда куурдакты жаңы союлган малдын - кой, уй, эчкинин ич этинен боор, жүрөк, бөйрөк, чучук жана башка арка эттеринен жазалат. Бул тууралуу "Барометр" билдирет.
Адегенде карын менен бөйрөк майларын кызарганча сызгырып алат, ага анча чоң эмес бөртө-бөртө тууралган этти салат, кыя тууралган пияз, сарымсак кошот, баарын аралаштырып куурат, туз, мурч салат, отту кичирейтип, 30-40 минута бышырат.
Анда-санда аралаштырып туруу керек. Куурдак куурулган майы менен бирге берилет, көбүнчө ысылык катары желет, майы жүрөккө тийбейт. Жаңы союлган малдын өз майына куурулган куурдак даамдуу болот.
Куурдактын бир нече түрү куурулат.
Кара куурдак уйдун, койдун, эчкинин, эликтин, бугунун этинен жасалат. Эт күрөң тартканга чейин майга куурулат. Бөртө тууралган боор, жүрөк, бөйрөк кошулган куурдак ширелүү, даамдуу, тузу өткүрүрөөк болот.
Солкулдак куурдак куш тил тууралган жаш эттен бууга демделип, жай күйгөн отко бышырылат. Бул куурдактын эти жумшак жана жегиликтүү келет.
Борпошо куурдак куурулган этке бир аз суу куюлуп, андан кийин жай күйгөн отко 30-40 минута бышырылат. Борпошо куурдак чыгы менен дасторконго коюлат.
Даярдоо ыкмасы:
Керектелүүчү азыктар: 1 кг этке 250 грамм май, 3-4 баш пияз, картошка, 3-4 көк калемпир, 1 баш сарымсак, ашкөк, татымына жараша калемпир-мурч, туз.
Жаш, сулп этти майда туурап, пияз, сарымсак, көк калемпирди туурап алуу керек. Андан кийин казанга майды куюп, алгач пиязды , экинчи этти салып 10-15 мүнөт кууруп, отту азайтып, картошканы туурап, калемпир-мурч, тузду салып дымдап коебуз. 30-40 мүнөттөн кийин ачып, табактарга салып, дасторконго коёбуз.
Ссылка: https://barometr.kg/kuurdaktyn-bir-neche-tr-zhana-zhasaluuchu-recepteri
Добавить комментарий ×