Куураган камыштардын жалыны электр зымдарына жетип Сары-Жон, Ленинское айылдары жарыксыз калышты

5 апрель 2019 15:58 786 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Куурайлардан чыккан өттүн айынан Ысык-Ата районундагы Сары-Жон, Ленинское айылдарынын тургундары электр энергиясыз калышты.

4-апрелде саат 19:50 дө жогорку вольттогу “Туз” көмөкчордонунан тараган 10 кВ аба электр чубалгысы авариялык түрдө өчүрүлгөн. Анын натыйжасында Ысык-Ата районуна караштуу Сары-Жон, Ленинское айылдарынын тургундары электр энергиясыз калышкан. Белгилүү болгондой, Сары-Жон айылындагы айдоо жерден тартылган аба электр чубалгынын жанынан белгисиз адамдар куурайларды өрттөгөн. Бул электр энергиянын өчүрүлүшүнө себеп болгон. Күчтүү жалын чубалгыны ээритип, үзүлүүсүнө алып келген. Жалпысынан 150 метр аба электр чубалгысы жарактан чыккан. Учурда “Түндүк электр” ишканасынын Кант РЭТтеги электр куроочулардын оперативдүү-чыгуу бригадасы жабыркаган чубалгыларды калыбына келтирүүдө. 

Кант РЭТнин башкы инженери Максат Дуйшекеевдин айтымында, бул окуя боюнча РЭТтин, Ысык-Ата райондук акимиаттын жана Логвиненко айыл-өкмөтүнүн өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлдү.

“Бул иш куураган узун камыштарды өрттөгөн тургундардын кылганы. Ылдыйдан күйгөн өрттүн кесепетинен аба электр чубалгы трассасында катталган өчүрүүлөр Ысык-Ата районуна караштуу Туз, Биринчи Май, Новопокровка айыл өкмөтүнүн аймагында чанда эмес.  Аба электр чубалгыларынын трассасындагы ылдыйдан күйгөн өрт, негизнен жылдын жаз мезгилинде калктын куураган бадалдарды, түшкөн жалбырактарды, камыш жана чөптөрдү өрттөөдөн келип чыгат.  Жыл сайын биз тараптан жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жетекчилигине билдирүү кат жөнөтүлөт. Мындан сырткары, биз айылда жыйындарда тургундарга зымдарга жакын куурайларды күйгүзүү коопту экенин эскертебиз”, -деп Максат Дуйшекеев билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/kuuragan-kamyshtardyn-zhalyny-elektr-zymdaryna-zhetip-sary-zhon-leninskoe-ajyldary-zharyksyz-kalyshty



Добавить комментарий