Курсан Асановдун ордуна Памирбек Асанов дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буюрмасы менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары кызматына милициянын полковниги Асанов Памирбек Джумалиевич дайындалды.
Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.
Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин буйругу менен Чүй ОИИББдин башчысынын милдетин аткаруучу болуп, Асаналиев Сапарбек Тилекович дайындалды. Ал мурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы болуп иштеп жүргөн.
Эске салабыз, 2019-жылдын 7-8-августундагы окуяда Чүй ОИИББдин башчысы Курманкулов Самат Ажыгулович башынан оор жаракат алган. Учурда Москва шаарындагы ооруканада даарыланууда. Курманкулов Самат Ажыгулович толук сакайып кеткенге чейин Чүй ОИИББдин башчысынын милдетин убактылуу аткаруу Асаналиев Сапар Тилековичке жүктөлдү.
Ссылка: https://barometr.kg/kursan-asanovdun-orduna-zhany-orun-basar-dajyndaldy
Добавить комментарий ×