Кургак тери үчүн бал маскасы
Бул маска түлөп кетүүдөн жакшы коргойт.
2 кашык балды 2 кашык өсүмдүк майы менен аралаштырыңыз.
Даяр болгон аралашмага 3 жумуртканын сарысын кошосуз.
Аны жакшылап аралаштырыңыз.
Идишке суу куюп керектүү температуурага жеткенче буусуна жылытабыз.
Жылуу масканы бетке бир нече катмар кылып сүйкөңүз. Ар бир катмарды 4-5 мүнөт сайын сүйкөп туруңуз.
20 мүнөт кармаңыз. Андан кийин ромашка кайнатмасы же фильтирленген суу менен бетти жууп салыңыз.
Ал эми экинчи маскабыз бетти нымдаштырып, сууктан сезгенүсүн болтурбайт.
Ал үчүн:
1 аш кашык быштакты, 1 чай кашык бал менен аралаштырабыз.
Ага сүт кошобуз. Сүт каймак сыяктуу абалга келгинче кошобуз.
Даяр болгон масканы бетке 25 мүнөт коюңуз. Суу менен жууп таштаңыз.
Ссылка: https://barometr.kg/kurgak-teri-chn-bal-maskasy
Добавить комментарий ×