Куралдуу күчтөрдүн Улуттук Гвардиясынын жана башкы штабдын орун басаралары дайындалды
Бөлүшүү:
Кирешеев Нурлан Исабекович Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Өлкө башчынын кол койгон буйругуна ылайык, Нурлан Кирешеев Куралдуу күчтөрдүн Кургактагы аскерлеринин командачысы кызматынан бошотулуп, ордуна Алмазбек Карасартов дайындалды.
Президенттин дагы бир буйругунун негизинде Талантбек Эргешов Куралдуу күчтөрдүн Улуттук Гвардиясынын командачысы болуп дайындалды.
Добавить комментарий ×