Кумардан кийинки сүйүү сөздөр махабатты арттырат
Төшөк кумарынан кийинки сүйлөшүү. Төшөк кумар бүткөндөн кийин да жубайлар сүйлөшүүлөрү керек. Бул алардын ортосундагы махабатты арттырат.
Мырзалар өз иши бүткөн соң уктап калып, артын салып жатып алып же жубайын жалгыз таштап, дароо туруп кетпестен, махабаттын туу чокусуна жетип, керемет сезимдердин кучагында балкып жаткан кезде да орду менен тамашалашып, ширин сөздөрдөн сүйлөшүүнү улантуулары эң жакшы жыйынтык берет. Мисалы жаным, алтыным, балдарымдын сүйүктүү апакеси, сүйүктүү жарым, кара көзүм, ж.б.
Айрым учурда жубайлар таарынышып кетет. Бир топ убакыттан кийин таарынычы жазылып, кайра жарашып алышат. Таарынышып калгандарга да кумардан кийин бири-бирине жагымдуу сөздөрүн айтуу менен таарынчтар, капалар жуулуп кетет. Ошентип түшүнбөстүктөрдүн аягы жакшы бүткөндө бактылуу болуп, кайрадан бакыттын жаңы барагын ачууга умтулган жакшы. Себеби мындай абал жагымсыз жагдайды унутууга жардам берет.
Ссылка: https://barometr.kg/kumardan-kijinki-sj-szdr-mahabatty-arttyrat
Добавить комментарий ×