Тажикистан "Кулунду-унаажол" көзөмөл өткөрүү жайын жапты

17 сентябрь 2019 12:49 2708 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын  Мамлекеттик чек ара кызматы 2019-жылдын 17-сентябрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги «Кулунду-унаажол» көзөмөл өткөрүү жайынан башка өткөрүү жайлары күнүмдүк тартипте иштеп жаткандыгын маалымдайт.

Тажик тарап бир тараптуу негизде «Кулунду-унаажол» көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарын өткөрүүнү убактылуу токтотту. Бирок бул чектөө үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына тиешеси жок, алар «Кулунду-унаажол» көзөмөл өткөрүү жайын кесип өтө алышат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтү ортосундагы Макулдашууга ылайык кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде 5 өткөрүү жайы жайгашкан.

«Кулунду-унаажол» көзөмөл өткөрүү жайы көп тараптуу, күнү-түнү иштейт. «Кулунду-унаажол» өткөрүү жайы Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылынын түндүк тарабында жайгашкан.

Ссылка: https://barometr.kg/kulundu-unaazhol-kzml-tkr-zhajy-kp-taraptuu-kn-tn-ishtejt



Добавить комментарий