Куала-Лумпурда өткөн сулуулар сынагына катышкан Кыз-Бурак тобунун экс-солисткасы Азалия байгелүү орунга да жетпей калды

22 октябрь 2018 09:30 6480 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү болгондой Азалия Дуйшеналиева дүйнөлүк сулуулар сынагына Кыргызстандын атынан катышып жаткан. Сынак 19-октябрда Куала-Лумпурда болуп өттү. Жыйынтыгы тууралуу Азалия өзүнүн инстаграм баракчасынан жазды. 

Кыргызстандын сулуусу биринчиликке да эң алгачкы бештике да кире алган эмес. Муну ал калыстар тобунун чечими ушундай болгондугу менен түшүндүрдү. Ким биринчиликти алса, ошол өлкөнүн өкүлдөрү калыстар тобунда отурушту деп баяндайт Азалия.

Ал эми анын окурмандарынын жарымы колдоо көргөзсө калгандары терс пикирлерин жазышууда. 

Ссылка: https://barometr.kg/kuala-lumpurda-tkn-suluular-synagyna-katyshkan-kyz-burak-tobunun-eks-solistkasy-azaliya-bajgel-orunga-da-zhetpej-kaldy



Добавить комментарий