Күтүүсүз кабар! Куурчак театрынын мурдагы директору Сатылган Сазаев узакка созулган оорудан улам каза болду

20 март 2019 15:20 2234 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 20-мартта Муса Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрынын мурдагы директору Сатылган Сазаев 57 жашында узакка созулган оорудан улам каза болду.

Сатылган Сазаев 30 жыл куурчак театрында эмгектенип, акыркы төрт жыл ошол театрды жетектеген. Өткөн жылдан бери Б.Бейшеналиева атындагы институтта мугалим, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында актёр болуп иштеп жүргөн.

Вarometr.kg сайтынын эмгек жамааты Сатылган Сазаевдин үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Ссылка: https://barometr.kg/ktsz-kabar-kuurchak-teatrynyn-murdagy-direktoru-satylgan-sazaev-uzakka-sozulgan-oorudan-ulam-kaza-boldu



Добавить комментарий