КТРКнын жаңы жетекчиси Жайнак Усен уулу ким?
Бүгүн, 6-мартта КТРКнын башкы директору шайлоо өтүп, телеканалдын жаңы жетекчиси болуп Жайнак Усен уулу дайындалды.
Жайнак Усен уулу буга чейин Өмүрбек Бабановго тиешелүү болгон НТС каналын жетектеп келген. Ал ошондой эле "Цифровые технологии" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору. Мындан тышкары телерадиоуюмдар ассоциациясын жетектеп келет.
КРдагы ММА жана панкратион федерациясынын президенти болуп саналат. Нарын шаарында туулган. Чкалов атындагы орто мектепти аяктаган. НТС телеканалына жетекчи болгонго чейин Евразия менен Африканын бир катар өлкөлөрүндө иш алып барган эл аралык каржылык компанияны жетектеп эмгектенген.
Бүгүн, 6-мартта КТРКнын байкоочу кеңеши тарабынан берилген добуш берүүнүн жыйынтыгы менен ал 13 добушка ээ болуп, талапкерлерден алдыга озуп чыкты.
Ссылка: https://barometr.kg/ktrknyn-zhay-zhetekchisi-zhajnak-usen-uulu-kim
Добавить комментарий ×