КТРКнын башкы директорлугуна талапкер Каарманбек Кулуев Чехиядан туруп сынак берет

28 февраль 2019 10:06 1440 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 28-февраль күнү КТРКнын Байкоочу Кеңеши коомдук каналдын башкы директорлук кызматына талапкерлер менен кезектеги аңгемелешүү сынагын өткөрөт. Талапкерлердин бири Каарманбек Кулуев ушу күнү Чехиядан жүргөндүгүнө байланыштуу сынакка аралыктан катышаарын өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

“Мекендештер! Талапкерлердин бири мен. Азыр Чехияда иштеп жүргөндүктөн, өзүм Бишкекке учуп бара албадым. Андыктан конкурска дистанциондук түрдө катышуу арызы менен КТРКнын Байкоочу кеңешине кайрылдым. Жумушка тандоо жараянында телефон же видео чат менен маектешүү – дүйнө жүзүндөгү кадыресе көрүнүш. Бул дүйнөлүк практика КТРКга жеткен-жетпегенин бүгүн көрөбүз. Болсо да, болбосо да, айтчумду айтып алайын”, деп жазган ал.

 Буга чейин 22 тарапкер катталып, аны үчөө жарыштан четтетилген болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/ktrknyn-bashky-direktorluguna-talapker-kaarmanbek-kuluev-chehiyadan-turup-synak-beret



Добавить комментарий