КТРКнын башкы директору шайланды. Ким жеңишке жетти?

6 март 2019 15:50 893 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

КТРКнын байкоочу кеңеши бүгүн башкы директорду шайлоо үчүн жыйын өткөрүштү. Сынактын жыйынтыгында жалпысынан талапкерлерден Үсөн уулу Жайнак 13, Галина Байтерек 1, Тилебаев Болотбек 1 добуштан алышты.

Байкоочу кеңештин жашыруун добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен шайлоодо Үсөн уулу Жайнак КТРКнын башкы деректору кызматына дайындалды.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 19-мартында КТРКнын азыркы башкы директору Илим Карыпбековдун иштөө мөөнөтү аягына чыгып жатканына байланыштуу, телеканалдын башкы директору кызматына сынак жарыяланган.Мыйзамга ылайык, башкы директор 4 жылга шайланат.


Ссылка: https://barometr.kg/ktrknyn-bashky-derektoru-zhashyruun-dobush-ber-arkyluu-shajlandy-kim-zheishke-zhetti



Добавить комментарий