КТРКга ким татыктуу? Жетекчилик кызматка болжолдуу тизме
КТРКны жетектөөгө ким татыктуу? Деген суроо бүгүнкү күндө кыргыз телевидениесинин ар бир өкүлүн түйшөлтүп турган чагы. Бул маселе боюнча ар ким алдын ала ар түрдүү жеке пикирлерин билдирип, ким татыктуу экендигин интернет аркылуу жазып кызуу талкуулашууда.
Barometr.kg сайты коомчулук тарабынан болжолдуу түрдө сунушталган талапкерлердин тимесин түзүп чыкты. Бул жоопкерчиликтүү кызматка азыркы учурда 3 талапкердин аты аталууда. Алар:
-
Шайырбек Абдрахман уулу КТРКнын башкы директорунун орун басары.
-
Эрнис Кыязов 5-каналдын директору
- Назира Аалы кызы Маданият, тарых, тил каналынын продюссери.
Бул болжолдуу талапкерлердин катарында КТРКнын азыркы учурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков да болуп калышы мүмкүн деген пикирлер айтылууда.
Эске салсак, КТРКнын башкы сайтына сынак жарыяланганы тууралуу маалымат жарыяланган. Карыпбековдун кызмат мөөнөтү 2019-жылдын 19-мартында аяктайт.
Ссылка: https://barometr.kg/ktrkga-kim-tatyktuu-zhetekchilik-kyzmatka-bolzholduu-tizme
Добавить комментарий ×