"КСДП Атамбаевсиз" кыймылынын маалымат жыйынында ызы-чуу болушту
Бүгүн 7-декабрда "КСДП Атамбаевсиз" кыймылынын маалымат жыйыны өтүп жатканда аты-жөндөрү белгисиз адамдар жыйынды болтурбоого тоскоолдуктарды жаратышты. Башкача айтканда, жыйын учурунда жаңжал чыгарышты.
Жыйында аталган кыймылдын өкүлдөрү Сагынбек Абдрахманов, Данияр Тербишалиев жакын арада партиянын өтө турчу кезексиз жыйыны тууралуу айтып жатышкан. Залда отурган бейтааныш адамдар өздөрүн КСДПнын мүчөлөрүбүз деп тааныштырып, "Кыргызстан Абдрахмановсуз!" деп кыйкырып ызы-чуу салышты.
Жаңжал токтобой жаткандыктан улам модератор күзөтчүлөрдү чакырып, чуу салгандарды сыртка чыгарышты.
Ссылка: https://barometr.kg/ksdp-atambaevsiz-kyjmylynyn-maalymat-zhyjynynda-yzy-chuu-bolushtu
Добавить комментарий ×