Күрөш. Дүйнө чемпионаты: Атабек Азизбеков дүйнө чемпионатына лицензия утту

16 сентябрь 2019 14:59 1351 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбеко Токио Олимпиадасына лицензич утту. Бул күрөш боюнча алгачкы лицензия.

Дүйнө чемпионатында 87 кило салмакта күч сынашкан балбаныбыз көңүл жубатуучу беттеште кытайлык Жунжие НА менен кездешип, 6:1 эсебинде утту. 

Эми Дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн Өзбекстандык Рустам Ассакалов менен күрөшөт.

Ушул күндөрү спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жатат. Анда ар бир салмакта 1-ден бешинчиге чейинки орунду камсыздаган балбандарга 2020-жылы Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо берилет.

Ссылка: https://barometr.kg/krsh-djn-chempionaty-atabek-azizbekov-djn-chempionatyna-licenziya-uttu



Добавить комментарий