КРнын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга кол коюлду

27 декабрь 2018 17:21 1562 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 29-ноябрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 151 762 419,1 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 161 913 144,8 миң. сом суммасында бекитилди, республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү 10 150 725,7 миң сом суммасында белгиленди.

Мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/krnyn-2019-zhylga-respublikalyk-byudzheti-zhana-2020-2021-zhyldarga-bolzholu-zhnnd-myjzamga-kol-koyuldu



Добавить комментарий