Соттолгон жарандарга пробациялык билдирүү жазып бергени үчүн такай акча алган кызматкер кармалды

20 январь 2020 16:08 937 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик органдарда коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана жок кылууга багытталган ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Адилет министрлигине караштуу пробация органынын Талас шаардык жана Талас районуну боюнча башкы адиси 1975-жылы туулган Н.К.К. такай пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Ага ылайык, аталган адам өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, соттолуп эркиндигинен ажыратылган адамдарга анча оор эмес кылмыш үчүн пробацилык билдирүүлөрдү даярдоодо туруктуу негизде акча алып турган. 

2020-жылдын 18-январында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Н.К.К. соттолгон жаранга пробациялык билдирүү даярдоодо үчүн талап кылган сумманын бир бөлүгүн алып жатканда кармалды. 

Учурда ал УКМК кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/kr-ukmk-kkk-talas-rajonunu-boyuncha-probaciya-organynyn-bashky-adisi-para-alyp-zhatkan-uchurunda-karmaldy



Добавить комментарий