Сот аткаруучу пара алып жаткан жеринен кармалды

31 январь 2020 12:50 399 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Пара алуу учурунда соттук аткаруучу кармалды. Бул тууралуу КР УКМК ККК билдирди. 

Ага ылайык, 2020-жылдын 30-январында ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө, өзүнүн иш бөлмөсүндө пара алуу учурунда Чүй областынын Аламүдүн районунун сот аткаруу кызматынын бөлүмүнүн соттук аткаруучусу 1982-ж.т. “Н.Т.” кармалды. 

Такталгандай, “Н.Т.” кызматтык абалынан пайдаланып “Ч.у.Э.” аттуу КР жаранынан жол кырсыгы тууралуу өндүрүш иштерин токтотуу үчүн пара талап кылган. Аталган сотко чейинки өндүрүш КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-б. (Пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалган адам КР УКМК Тергөө камак жайынын Убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмыш-иштин алкагында ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.


Ссылка: https://barometr.kg/kr-ukmk-kkk-para-alyp-zhatkan-zherinen-sottuk-atkaruuchu-karmaldy



Добавить комментарий