КР эмгек сиңирген артисти Бактыбек Мамытовго 25 жылдан кийин КР Эл артисти наамы ыйгарылды
Кыргыз телевидениесинин легендаларынын бири, алып баруучу Бактыбек Мамытовго Кыргыз Республикасынын Эл артисти деген ардактуу наам ыйгарылды. Бул тууралуу Бактыбек Мамытов Barometr.kg сайтына айтып берди.
Ал бул наам абдан күтүүсүз болгонун кошумчалаган Мамытов:
"Мен буга чейин КР эмгек сиңирген артисти наамынын ээси болчумун. Ал наамды 1993-жылы беришкен. Ал эми 31-декабрь, жаңы жыл күнү мынтип Эл артисти наамына татып олтурам. Бул мен үчүн абдан күтүүсүз жаңылык болду. Буга чейин көп эле жолу документтерди чогултуп жөнөткөнбүз, ушул күнгө буйруган экен. Бирок бул жолу берет деп күткөн эмесмин. Рахмат айтам" -деп жооп берди.
Эске салсак, Бактыбек Мамытов эл арасына "Арноо концертинин" алып баруучусу катары таанылган. Ага алгач 1993-жылы КР эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылган, арадан 25 жыл өтүп КР Эл артисти аталды.
Добавить комментарий ×