Көптөн күткөн кызыл китеп. Бишкектиктер жер тилкелеринин документтерин ала башташты
Мыйзамсыз делип, жер тилкелерине документ ала албай жүргөн жарандар кызыл китептүү болушту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Борбор калаада жер амнистиясынын объектилерине берилген жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды тапшыруу аземи өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, шаардыктар ондогон жылдардан бери үйлөрүн, жер тилкелерин мыйзамдаштыра албай келген.
«Президент Садыр Жапаровдун чечиминин аркасында эл көптөн күткөн документтерин алууда. Кызыл китептин алгачкы ээлери- сиздерди куттуктайм. Сиздер узак жана татаал жолду басып өттүңүздөр. Сиздердин тажрыйбаңыздар башка шаар тургундарына документ алууга жардам берет», - деди шаар мэри.
Белгилей кетсек, райондук администрацияларда атайын түзүлгөн комиссиялар иштеп, алар иш кагаздарын даярдоого катышат.
Бүгүн, 23-ноябрда 26 жаран Кызыл китеп алды.
Добавить комментарий ×