Коронавирус күчөгөндөн баштап чет өлкөдөн 20 миңден ашык кыргыз жараны келди

7 июль 2020 15:32 1399 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Пандемия башталгандан тарта чет өлкөлөрдөн 20 миңден ашуун кыргыз жараны мекенине кайтрылды. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

"Чет өлкөлөрдөн коронавирус инфекциясы чыккан учурдан баштап авиациялык жана жер үстүндөгү транспорт менен 20 миң 638 кыргыз жараны мекенине кайтып келди. Жарандарыбызды кайтарып алуу жана мамлекеттерден ар тараптуу көмөк көрсөтүү боюнча иштер президенттин тапшырмасына ылайык жүргүзүлүүдө. Бул процесске тартылган бардык элчиликтер, башкы консулдук жана Кыргызстан консулдук мекемелери дээрлик күнү-түнү иш алып барышууда", - деп билдирди Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Ниязалиев.

Анын айтымында, эң чоң жардам диаспоралардын, бириккен мекендештердин жана жөнөкөй жарандардын колдоосу менен көрсөтүлүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-ildeti-chykkan-uchurdan-bashtap-chet-lklrdn-20-miden-ashuun-kyrgyz-zharany-keldi



Добавить комментарий