Кореядан өзгөчө кырдаалдар министрлигине эки тез жардам унаа келди
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 2 тез жардам унаасы алынып келинди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Унаалар Кыргызстандын Корея Республикасындагы Элчилигинин жана Африка менен Азиянын өнүгүүгө жардам берүү Фондунун активдүү жардамы менен, Корей Республикасынын Сеул өрт өчүрүү кызматынын ортосундагы кол коюлган кызматташтык жөнүндө меморандумдун алкагында берилип жатат.
Мындан тышкары аталган документтин алкагында Кореядан өзгөчө кырдаалдар министрлигине эки тез жардам унаа келди
КРнын өзгөчө кырдаалдар министрлиги Корея тарабынан берилген жардамын жогору баалап, бул жардам Кыргызстан менен Корея Республикасынын элдеринин ортосундагы достук мамилелеринин далили экендигине ишенимин билдирет.
Ссылка: https://barometr.kg/koreyadan-zgch-kyrdaaldar-ministrligine-eki-tez-zhardam-unaa-keldi
Добавить комментарий ×