“Коопсуз шаар”: Кыргызстан боюнча 2020-жылы камералар коюлуп бүтөт

25 июнь 2019 13:59 976 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабынын алкагында камераларды ишке кошуу 2020-жыл болот. Бул тууралуу бүгүн болгон басма сөз жыйынында Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш агенттигинин башчысынын орун басары Кубаныч Шатемиров билдирди.  

Анын айтымында,конкурстук билдирмелерди ачуу 27-июнда ишке ашкан.

““Коопсуз шаардын” экинчи этабы бүткүл өлкөнүн камтыйт. Иш аткаруучу менен келишим түзгөндөн кийин уруксат берүүчү документтерди алууга жана аппараттык-программалык комплексти орнотууга бир жылга чейин уруксат берилет.О бласттарды ишке кошуу баскыч-баскычы менен болот. Долбоорду толугу менен ишке киргизүү кийинки жылга пландалууда”,-деп айтты Кубаныч Шатемиров.

Долбоордун экинчи баскычында 306 программалык комплексти орнотуу каралууда.

Ссылка: https://barometr.kg/koopsuz-shaar-kyrgyzstan-boyuncha-2020-zhyly-kameralar-koyulup-btt



Добавить комментарий