"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруучу компания аныкталды
Бүгүн, 4-сентябрда "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруучу компанияны тандоо боюнча аукцион жыйынтыкталды. “Коопсуз шаар” долбоорундагы сынакта орусиялык "Вега" концерн ишканасы 1 млрд. 125 миллион сом сунуштап аукциондо алдыга чыкты. Ачык сынак онлайн-аукцион режимде өтүп, катышуучу компаниялардын аттары монитордон көрүнгөн жок. Аукцион үч лот менен өтүп, биринчи айлампада 1 млрд. 148 млн. сом, экинчисинде 1 млрд. 212 млн. сом, үчүнчүдө 1 млрд. 125 миллион сунушталды. Аукционго жалпы 3 компания катышкан. Калган эки компания жогорудагы компаниядан жогорку баа сунуштады.
Эске салсак, буга чейин долбоорду ишке ашырчу компанияны тандоо боюнча 23-августтагы онлайн-аукцион үзгүлтүккө учураган. Мындан улам, аукционду кайрадан өткөрүү жарыяланган.
Ссылка: https://barometr.kg/koopsuz-shaar-dolboorun-ishke-ashyruuchu-kompaniya-anyktaldy
Добавить комментарий ×