"Коопсуз шаар" долбоору күздөн баштап иштеп баштайт

13 июнь 2018 22:55 1056 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Быйыл күздөн баштап Бишкекте атайын видеокамералар орнотулуп, «Коопсуз шаар» долбоору иштеп баштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеӊеште жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча отурумунда биринчи  вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. 

Анын айтымында, буга чейин «Коопсуз шаар» долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси болгон эмес, анын документациясы 18-июнда толугу менен даярдалып бүтөт. Өнөктөштөрдү издей баштайбыз, мамлекеттик-жеке өнөктөш болот. Ал эми күздөн тарта камералар орнотула баштайт"-деди. 

Анын айтымында статистика боюнча, камера орнотулган аймактарда жол кыймылы коопсуздугу сакталып, эреже бузуулар азайган.

Азырынча Бишкек шаары боюнча 4 видеокамера орнотулган.

Ссылка: https://barometr.kg/koopsuz-shaar-dolbooru-kzdn-bashtap-ishtep-bashtajt



Добавить комментарий