Конгресс АКШнын президенти болуп Джо Байдендин шайланганын тастыктады
АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын бекитүү боюнча 10 саатка созулган биргелешкен отурумдун жүрүшүндө Конгресс Джо Байдендин жеңишке жеткендигин тастыктады. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
Байден Конгресстин шайлоочуларынын 270тен ашык добушун алды.
Конгресстин талкуусу Вашингтондо болуп көрбөгөндөй башаламандыктардын фонунда өтүп, анын жүрүшүндө президент Дональд Трамптын тарапкерлери АКШнын Капитолий имаратына кирип келишкен. Анын кесепетинен төрт адам каза болду.
Конгресстеги шайлоочулардын добуштарынын жактырылышы, акыры, президенттик шайлоонун жыйынтыгына шек келтирүүчү божомолдорду токтотот.
Ссылка: https://barometr.kg/kongress-akshnyn-prezidenti-bolup-dzho-bajdendin-shajlanganyn-tastyktady
Добавить комментарий ×