Кондитерлер шоколаддагы кымызды сынактан өткөрүп жатышат
Бөлүшүү:
Өзгөчө даамы бар шоколад конфеттерин дегустация кылып жаткан видеону Фейсбуктун колдонуучусу Sumsarbek Obbo Mamyraly жүктөдү. Ал белгилеп өткөндөй кымыз даамданган конфеттер 2019-жылдын күзүндө рынокто пайда болушу ыктымал.
Учурда этникалык жаңылыктын акыркы рецептурасын иштеп чыгуу жумуштары аяктап жатат. Бул арада айрым колдонуучулар мындай таттуу кандай болот деп кызыгып жатышкандыктарын жашырышкан жок жана башка варинаттарды сунуштай башташты. Мисалы “шоколаддагы чучук кокос күкүмдөрү” деп койсок кандай болот дешүүдө. Ал эми сиз кулинариядагы этникалык тренддерге кандай карайсыз?
Ссылка: https://barometr.kg/konditerler-shokoladdagy-kymyzdy-synaktan-tkrp-zhatyshat
Добавить комментарий ×