Кончита Вурст жаңы клибинде чыныгы мырзанын образында чыкты

28 март 2019 12:42 1132 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Австриялык ырчы Кончита Вурст деген каймана ысымы менен дүйнөгө таанылган Том Нойвирт өзүнүн жаңы видеосунда башкача образ менен чыкты. Ал аталган видеодо эркек кишиге көбүрөөк окшошуп калган. Бул тууралуу utro.news булагы кабарлады. 

Вурст буга чейин бир нече ирет өзүнүн күйөрмандарын өзгөчө образдар менен таң калтырып келген. Жаңы жарыяланган видеодо ал ак сакалчан, макияжы жок тартылган. Аны элге тааныткан узун кара чачтары, макияжы жана узун көйнөктөрү эбак эле жок болуп кеткендей.    

Кончитанын жаңы образын күйөрмандары көп деле сынга алышкан жок, болжолу аларга бул түрү жаккан көрүнөт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/konchita-vurst-zhay-klibinde-chynygy-myrzanyn-obrazynda-chykty



Добавить комментарий