Колукту күйөөгө чыккан түнү каза тапты

27 июнь 2019 12:35 14674 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Белорусиянын Слуцк шаарында 37 жаштагы аял 22-июнда, ишемби күнү турмушка чыккан. Елена үчүн бул нике төртүнчү ирет болчу, анын жаңы жолдошу 10 жаш кичүү жигит эле”,-деп маалымдады РИА "Регион online" булагы.

Аялдын артында мурдагы күйөөлөрүнөн төрөлгөн төрт баласы калды. Ал почточу болуп иштеген.

Агенттик берген маалыматка таянсак, жаштардын үйлөнүү үлпөтүн жакындары, балдары белгилеп жатышкан.

Түнкү саат 12лерге жакындап калган учурда колукту дасторкон үстүндө чыр чыгарган. Андан кийин конокторду узатып чыгып, кайра келишкен уулу менен жаңы күйөөсү аялдын каза тапканын көрүшкөн.

Еленанын туугандарынын айтымында, аял буга чейин эле бир нече ирет өзүнө кол жумшоого аракет кылып, бирок аны улам куткарып калып жатышкан.

Учурда ишти иликтөө башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/koluktu-kjg-chykkan-tn-kaza-tapty



Добавить комментарий