"Колдооңорго муктажбыз": Балбак Түлөбаев Суракматовдун сөзү үчүн шаардыктарды кечиримдүү болууга чакырды

23 август 2018 20:05 6233 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек мэринин аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев шаар мэри Азиз Суракматовдун Курман айттагы сүйлөгөн сөзү боюнча кечирим сурап өзүнүн социалдык баракчасына жазды.  “Кыргызда "Аракетке берекет " дейт. Буйурса "Ийгиликтин эрте кечи жок" дегендей баары жакшы болот. "Көч бара бара түзөлөт". Силердин талабыңарды аткарып кыргызча ойлонуп, кыргызча сүйлөп атабыз.  Жаманбы? Колдооңорго муктажбыз. "Жалгыз дарак токой болбойт" Жумуш оор элдин жүгү жеңил болбос. Туура түшүнүңүздөр. Биз сиздердин бийиктигиңерге, кечиримдүүлүгүңөргө ишенебиз”  деп жазган. 

Белгилей кетсек 21-август күнү Бишкек мэри Азиз Суракматов Курман айтка карата куттукттоо сөз сүйлөп жатып кыргызча сүйлөй албастыгы “ Курман раазы” болсун деген сөзү коомчулукта кызуу  талкуу жараткан.

Ссылка: https://barometr.kg/koldooorgo-muktazhbyz-balbak-tlbaev-surakmatovdun-sz-chn-shaardyktardy-bijik-zhana-kechirimd-boluuga-chakyrdy



Добавить комментарий