Кочкордо комбайн менен жеңил унаа сүзүшүп эки адам каза болду
Бүгүн, 15-августта таң эрте Кочкор—Бишкек—Торугарт унаа жолундагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болуп, 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, саат 05:00 чамасында унаа жолдун 246-чакырымында, тактап айтканда Кочкор районунун аймагында бара жаткан комбайнды «Ауди» үлгүсүндөгү унаа артынан сүзгөн. Кырсык болгон жерге жабыркаган адамдарга жардам берүү үчүн барган «Фольксваген Пассат» унаасы адамдарды унаадан чыгарып жатканда «Мерседес Вито» үлгүсүндөгү унаа эки адамды сүзүп, андан кийин «Аудини» артынан сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен "Мерседес Вито" унаасы сүзгөн эки адам, жардам берип жаткандардын бири жана "Аудинин" жүргүнчүсү окуя болгон жерден каза болуп, эки адам жаракат алып, Кочкор райондук ооруканасына жаткырылган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/kochkordo-kombajn-menen-zheil-unaa-szshp-eki-adam-kaza-boldu
Добавить комментарий ×