Күнүнө үч чыны чай ичсеңиз тишиңизди курттан коргойсуз

4 март 2019 08:22 869 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Күнүнө  үч чыны чай ичсеңиз, тишиңизди түрдүү оорулардан коргой аласыз. Себеби, кара чай стрептококка жана латобактерия деп аталган дартка чалдыктырган эки түрдүү бактерия менен тиштеги курттан коргойт дешет окумуштуулар.

Тиш дарыгерлери бул бактериялар кызыл ээкке зыян тийгизет дешет. Бирок, изилдөө тобунун жетекчиси доктор Кэрри Ракстон күнүмдүк ичкен чайдын көлөмү 3-4 чыныдан ашпашы керек.

Бир кызыгы, кара чайга кант кошсоңуз да, ал бактерияларды жойгон касиетинен айрылбайт. Ошондой эле, көк чай да ушундай касиетке ээ, жана ооздон чыккан жагымсыз жытты алдын алат.

Флавоноид жана катехин сыяктуу антиоксиданттардан турган суусундук микробко каршы күрөшүүнүн бирден-бир куралы. Британ тамак аш тануу журналына жарыяланган макаласында доктор Рокстон чай ичүү тиштин түшүүсүнөн сактайт деп жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/knn-ch-chyny-chaj-ichseiz-tishiizdi-kurttan-korgojsuz



Добавить комментарий