Күнүмдүк турмуштагы буюмдарыңыздын мөөнөтүн билип алыңыз
Биз адатта тамак-аштардын гана сактоо мөөнөтү бар деп ойлойбуз да, күнүмдүк турмушта колдонулуучу майда буюмдарга анча маани бербейбиз. Көрсө, сак-саламат жашоо үчүн ар бир буюмдун колдонуу мөөнөтүнө маани бере жүрүүбүз керек экен.
Жаздык
Сактоо мөөнөтү: 2-3 жыл Кандай нерсе менен толтурулганына карабай убакыттын өтүшү менен жаздык чаң кенесинин турагына айланат. Ошондой эле формасын жоготуп, моюн оорунун себепчиси болот.
Үйгө кийген тапичке
Сактоо мөөнөтү: 6 ай Тапичке - жугуштуу ооруларды таратуучу грибок үчүн мыкты каражат. Аны таза жууп кийип 6 ай гана колдонгон туура.
Жуунгуч
Сактоо мөөнөтү: 6 ай Губка менен жуунгуч грибок менен көк датты эң жакшы жыйнайт. Андыктан белгиленген убактысынан артык колдонуу зыянга гана учуратат. Эгерде мыкты кездемеден тигилген жуунгуч болсо, кайнатып алып колдонуу мөөнөтүн бир аз убакыт созгонго болот.
Сүлгү
Сактоо мөөнөтү: 1-3 жыл Сүлгүнү мөөнөтү бүтө элек убакытта да кир жуучу машинанын жогорку температурасында жууп колдонуу шарт. Анткени ал - бактериялар үчүн идеалдуу жай. Ал эми белгиленген мөөнөттөн ашып кеткен соң канча жуусаңыз да жакшы натыйжа болбойт.
Тиш щёткасы
Сактоо мөөнөтү: 3 ай Тиш щёткасына кылдат мамиле кылып, таза кармоо керек. Аны мөөнөтү бүткөндө эле эмес, суук тийүү, сасык тумоо болуп ооругандан кийин дароо алмаштырган оң, болбосо аны колдонуудан кийин кайрадан ооруп калуу коркунучу бар.
Тарак
Сактоо мөөнөтү: 1 жыл Таракты жок дегенде жумасына бир ирет таза жууп, жылына бир жолу жаңысына алмаштырып туруу талапка ылайык. Эгерде табигый эмес материалдан жасалган болсо, 7-10 айда бир алмаштырган туура.
Ден-соолукту сактайм десеңиз сөзсүз мөөнөтүнөн ашык колдонбоңуз! Анткени, азыркы колдонгон күнүмдүк буюмдарыбыздын көбү кытайдан жасалган желим бумдар экенин билесиздер. Желимден жасалган буюмдар адамдын ден-соолугуна өтө зыян!
Ссылка: https://barometr.kg/knmdk-turmushtagy-buyumdaryyzdyn-mntn-bilip-alyyz
Добавить комментарий ×