Күнүгө курма жеп туруунун пайдасы

3 март 2022 09:13 4003 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыш маалы башталганда курма жемишин эстейбиз. Анын пайдасы кандай? Курмада көптөгөн пайдалуу витаминдер бар. Ал айрыкча иммунитет алсыраган эрте жазда керек. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет 

Курмада эң көп бета-каротин бар. Ал териге абдан зарыл жана көздүн көрүүсүн жакшыртат.

Курманын курамындагы кальций, натрий, темир жана марганец алманын курамынан эки эсе көп. Андагы азык булалары организмди шлактардан жана токсиндерден оңой тазалайт.Бул жагынан анын таасири активдештирилген көмүрдөн кем эмес.

Ошондой эле анын курамы С витаминине бай болгондуктан суук тийгенге каршы мыкты дары.

Калий болсо жүрөктүн, нерв системасынын ишин жакшыртат. Тамырларды бекемдейт.

Мыкты антидепресант. Курмадагы магний нервди тынчтандырып, глюкоза менен фруктоза жакшы маанайдын булагы.

Суук тийгенде бир даана бышкан курманын ширеси менен 3 ашкана кашыгы менен сууну аралаштырып тамакты чайкаса ооруну тез басат.

Аз кандуулукта күнүгө эки маал 50-100 мл тамак ичердин алдында курманын ширесин ичүү сунушталат.  

Ссылка: https://barometr.kg/kng-kurma-zhep-turuunun-pajdasy



Добавить комментарий