Өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Бакыт Калмуратов кызматынан четтетилди
Бөлүшүү:
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Бакыт Калмуратовду ээлеген кызматынан четтетти.
Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Премьер-министр териштирүү учурунда Бакыт Калмуратовдун дарегине айтылган айыптоолорго байланыштуу укук коргоо органдары адилет жана калыс тергөө жүргүзүүлөрү керек деп эсептейт.
Эске сала кетсек, Бакыт Калмуратов буга чейин Кытайдан өрдөк этин алып келген ишкерден пара талап кылган деген сөздөр айтылган.
Ссылка: https://barometr.kg/kmttn-apparat-zhetekchisinin-orun-basary-bakyt-kalmuratov-kyzmatynan-alyndy
Добавить комментарий ×