ӨКМнин катардагы жоокери Токтобек Жолдошов 29 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты
ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкери Жолдошов Токтобек 29 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматынан “Барометрге” кабарлашты.
Катардагы жоокер Жолдошов Токтобек Жолдошович 2020-жылдын 9-октябрь күнү дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.
Жолдошов Токтобек Жолдошович 1991-жылдын 24-июнунда Нарын облусунун Нарын шаарында төрөлгөн.
Кызмат жолун 2015-жылдын декабрь айынан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын административдик-чарба бөлүмүнүн инженери кызмат ордунан баштаган. Ал эми өзүнүн милдеттерине жогорку деңгээлде мамиле жасап, ак дилден эмгектенгендигине байланыштуу 2017-жылдын октябрь айынан тартып Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын административдик-чарба бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна дайындалган.
2019-жылдын декабрь айында анык аскер кызматына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы тарабынан чакырылып, Куткаруу кызматында куткаруучу болуп аскер кызматын баштаган.
2020-жылы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын №1-техникалык камсыздоо отрядынын техникалык бөлүгүнүн офицери кызмат ордуна дайындалган.
Республиканын аймагындагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуга багытталган иш-чараларды аткарууга чоң салымын кошуп, өзүнүн моралдык-ишмердүүлүк, кесиптик жана жеке сапаттарын, кызматтык жана аскердик милдеттерин аткаруудагы жетишкендиктерин эске алып жана 31-август Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата Жолдошов Токтобек Жолдошовичти Кыргыз Республикасынын “Ардак грамота” менен сыйланган.
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жамааты Жолдошов Токтобектин туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Ссылка: https://barometr.kg/kmnin-katardagy-zhookeri-toktobek-zholdoshov-29-zhashynda-mezgilsiz-djndn-kajtty
Добавить комментарий ×