Видео. Күмөндөр Абылов: "Сүйүнүн баркына жетиңиздер, бир келген жашоодо!"

21 август 2019 20:48 2180 Barometr
Бөлүшүү:
ok

">

КРнын эл артисти, куудул, обончу Күмөндөр Абылов социалдык тармакта сөзү, обону өзүнө таандык “Кусалык” аттуу жаңы ырын карындашы Тилекгүл Абылованын аткаруусунда жарыялады. 

 Куудул, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнө карата Түкияда бир тууган Абыловдор жана Түркияда жашап жаткан кыргыз өнөрпоздору менен биргеликте концерт өткөрөрүн билдирди.

“Кутмандуу таң достор! Бүгүнкү күндү жакшы баштап, ушул ырымдын бет ачаарын угуп коюуңуздарды сунуш кылам! Ар дайым жүрөгүңүздөрдө сүйүү жашап, бул жашоонун жыргалын көрүп, сүйүнүн баркына жетиңиздер, бир келген жашоодо!
Урматтуу Туркиядагы Мекендештер! Жакын арада, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнө карата 31- августа Анталияда, 1- сентябрда Анкарада боло турган концертиме келиңиздер! Концертке карындашым Тилекгүл Абылова, Канат Мукул, "Чоро" тобунун солистти Нурболот Теңизбек уулу (инимдин баласы) катышып, жана Туркияда иштеп, жашап жаткан кыргыз өнөрпоздору коштойт.
Стамбулда да болот буюрса. Азыр такталып, сүйлөшүүлөр жүрүп, числосу, адрестери такталып жатат. Буюрса, жакын арада белгилүү болот. Концертке келип, көңүл ачып, эс алып кетиңиздер!
Жаңы ырдын бет ачаары. Сөзү, обону мага таандык. "Кусалык" Аткаруучу Тилекгүл Абылова”, - деп билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/kmndr-abylov-sjnn-barkyna-zhetiizder-bir-kelgen-zhashoodo



Добавить комментарий