Кара-Сууда мектеп толугу менен күйүп кетти
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда мектеп толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы кече 2-март күнү саат 18:28 чамасында катталган. Анын кесепетинен, Кара-Суу районундагы Жоош айыл аймагынын Маданият айылындагы мектеп толугу менен күйүп кеткен.
"Султанов көчөсүндөгү №42 орто мектебинин жыгач устундуу шифер менен жабылган 262 чарчы метр чатыры жана 212 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылып, саат 20:15те өрт толугу менен өчүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Учурда өрттүн себеби такталууда.
Ссылка: https://barometr.kg/km-kara-suuda-mektep-tolugu-menen-kjp-ketti
Добавить комментарий ×