Кара-Кулжада мектептен өрт чыгып, толугу менен күйүп кетти
Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда мектеп толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, 10-март күнү Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагында жайгашкан Буйга айылында орто мектеп толугу менен күйүп кеткен.
"Жалпы аянты 350 чарчы метр болгон Ж.Абидинов атындагы орто мектеп толугу менен күйүп кетти. ӨКМ кызматына таңкы саат 04:16да кабар түшүп, саат 06:35те өрт чектөөгө алынды. Саат 08:25те өрт толук өчүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Учурда өрттүн себебин тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/km-kara-kulzhada-mektepten-rt-chygyp-tolugu-menen-kjp-ketti
Добавить комментарий ×