"Клуб 27" Эмне үчүн музыка өкүлдөрү 27 жашында каза болушат? Мунун себеби эмнеде?
Көпчүлүк учурларда реп ырчыларынын 27-28 жаш курака жеткенде каза болгон жагдайлары көп учурап келет. Бул сыйкырдуу өлумдөргө музыка дүйнөсүнөн алыс болгон адамдар да четте калбай кызыгып келет. Элдер “Клуб 27” эмне үчүн реп ырчыларынын баарын бир жашта алып кетээрине түшүнбөй келет.
Роберт Джонсон
Роберт Джонсон Америкалык реп ырчысы. Анын ырлары бүгүнкү күнгө чейин дүйнө жүзүндө өз угармандарын таап келет. Бул ырчыны көпчүлүк таланты үчүн жашоосун шайтанга саткан деп атап коюшат. Реп ырчысы да муну эч качан четке какпай келген.
Чындыгында ырчынын өлуму тууралуу так маалымат жок. “Клуб 27нин” алгачкы өкүлү аталган Роберт Джонсон 27 жашында көз жумган, бирок анын октон жаакат алып каза болгону же таламтан ууланганы такталган эмес.
Айрымдар ырчыны сүйлөшүп жургөн кыздарынын биринин күйөөсү кызганычтын айынан өлтүргөн деген болжолго ишенишет.
Брайан Джонс
Брайан Джонс таанымал The Rolling Stones тобунун түзүүчүлөрүнүн бири, ал дээрлик бардык музыкалык аспаптарда ойной билген. Бирок ырчы таланттуулугуна карабай топтун башка мүчөлөрү менен көп жолу мушташып кеткен. Кийинчерээк ал көп иче баштагандыгына байланыштуу 1969-жылы топтон кетүүгө аргасыз болгон.
Анын жансыз денеси 27 жашында өзүнүн үйүндөгү бассейнден табылган. Тиешелүү органдар иликтөө иштеринен кийин абайлабаган үчүн чөгүп кеткен деген жыйынтыкка келишкен. Бирок көпчүлүк аны суицидке барган деп эсептешет.
Джими Хендрикс
Бул музыкантты эл гений деп атаган. Анын гитарада кол ойнотконун азыркыга чейин сүйүп уккан күйөрмандары бар.
Таң калыштуусу ал 27 жашында өзүнүн бөлмөсүндө эс алып жатып кусуп каза болгон. Анын жанында болгон кыз бөлмөдө наркотикалык каражаттар бар болгондуктан дарыгерлерди чакырган эмес.
Дженис Джоплин
Бул ырчы кыз музыка тарыхында вокал боюнча мыктылардын бири. Дженис Джоплин абдан ачык айрым, шайыр музыкант болгон, ал дээрлик бардык адамдар менен тил табышып кете алган.
Джоплиндин жансыз денесин 27 жашында жатаканалардын биринен табышкан. Организминде героин табылгандыктан өлүмдүн себебин да ошого байланыштуу чыгарышкан.
Джим Моррисон
Моррисондун күйөрмандары абдан көп болгон. Анын стилин көпчулүк музыка өкүлдөрү уурдап алууга аракет жасаган. Бирок алардын бири да чыныгы Джим боло алышкан эмес.
Ал наркотикалык каражаттарды колдонуп тураарын четке какпай келген. 27 жашында ченемден көп ичип алган наркотиктердин айынан бул музыкант уктап жаткан жеринен көз жумган.
Курт Кобейн
Курттун куйөрмандарынын басымдуу бөлүгү ал депрессияга түшүп кеткендигин айтышат.
Анын жансыз денеси 27 жашында 8-апрелде өзүнүн үйүнөн табылган. Эксперттердин айтымында ал өзун-өзү атып салган. Бирок көпчүлүк бул тыянака ишенбей келет.
Эми Уайнхаус
Эми да музыка дүйнөсүнүн тарыхында мыктылардын бири. Ал Гиннестин рекорддор китебине “Грэмми” сыйлыгынын 5 жолку жеңүүчүсү катары киргизилген.
Тилеке каршы ырчыга наркотикалык каражаттарга болгон байлануу диагнозун коюшкан. Уайнхаус 27 жашында жүрөгү кармап каза болгон.
“Клуб 27” деген аталыш да бекеринен эмес. Аты аталган атактуулардын баары 27 жашында каза болушкан.
Ссылка: https://barometr.kg/klub-27-emne-chn-muzyka-kldr-27-zhashynda-kaza-bolushat-munun-sebebi-emnede
Добавить комментарий ×