Аялдар климакс жөнүндө эмне билүүгө тийиш?
Климакс – 40-50 жаш курагында ар бир аялда кездешүүчү табигый процесс. Климакс учурунда организмде өзгөрүүлөр болот: жыныс бездеринин кызматы басаңдап, аял бала төрөөгө жөндөмсүз болуп калат. Бул процессти көпчүлүк аялдар картаюунун белгиси катары кабыл алышып, аябай оор көтөрүшөт, депрессия болгонго чейин барышат.
Климакс жаш куракка карабайт
Климакстын башталышынын орточо жаш курагы – 51 жаш. Бирок анын так көрсөткүчү жок. Көпчүлүк аялдар бул этапка 45-55 жаштарда туш болушса, айрымдары 30-40 жашта, кээ бирлери таптакыр эле 60 жашта туш келиши мүмкүн. Эрежеге ылайык, ал аялдын апасы канча жашында климакс болсо, өзү да ошол жашында учурайт.
Климакс 3 тепкичтен турат
1. Пременопауза. Бул тепкич 3 жылдан 7 жылга чейин созулат. Бул убакыт аралыгында айыз циклинин өзгөрүүсү орун алат – айыз айлампасы узарат, айыз каны азаят, жумурткалардын гормоналдык кызматы төмөндөйт.
2. Менопауза. Бул тепкич акыркы айыз канынан кийин башталат. Менопауза 12 айга созулат. Жаш курагы болжол менен 49-51 жаш.
3. Постменопауза. Менопаузадан баштап жумурткалардын кызматынын толук бүтүшүнө чейинки аралык, башкача айтканда, аялдын жашоосунун акырына чейинки мезгил.
Климакстын белгилери:
Айыз айлампасынын бузулушу: Климакстын негизги белгилеринин бири – айыз айлампасынын бузулушу. Ортодогу аралык 21 күндөн аз же 35 күндөн көп боло башташы климакстан кабар берет. Ошентсе да мындай шартта доктурга көрүнүп, бул өзгөрүү климакстан уламбы, же башка гинекологиялык оорудан уламбы, тактап коюу ашыктык кылбайт.
Ссылка: https://barometr.kg/klimaks-bul-den-sooluktun-zhashoonun-tabiyaty
Добавить комментарий ×