Клара Сооронкулова президенттик шайлоого катышууга БШКга арыз берди

11 ноябрь 2020 15:03 830 Barometr
Бөлүшүү:
ok

11-ноябрда Клара Сооронкулова Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик шайлоого катышууга арыз берди. Бул туурасында анын фейсбук баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

"Өзүмдүн президенттик талапкерликке арызымды бердим. 

Азыр өлкөбүз алдыга жылуусу керек - бул толук парламенттик башкарууга баруу. Президенттик башкарууга кайтуу - бул артка кадам. 3 революция тең бийлик бир колго топтолгондугунан болгон. Ошондуктан президенттик институтту жоюп, анык парламентаризимди камсыз кылууга баратам", - деп жазган ал.

Сооронкулова "Укук мектеби" бейөкмөт уюмунун жетекчиси. 

11-ноябрга карата БШКга президенттикке талапкерлигин көрсөткөн 13 арыз келип түшкөн. 

Алар: 

Адахан Мадумаров 

Арстанбек Абдылдаев,

Кубан Чороев,

Назарбек Нышанов,  

Бектур Асанов,

Бакыт Бакетаев,    

Канатбек Исаев,

Абдыкаар Сыдыков,   

Сазыкбай Турдумалиев, 

Нурлан Мотуев,    

Рашид Тагаев, 

Жеңишбек Байгуттиев    

Клара Сооронкулова.    

Ссылка: https://barometr.kg/klara-sooronkulova-prezidenttik-shajloogo-katyshuuga-bshkga-aryz-berdi



Добавить комментарий