Көк-Жар конушунда суукка тонгон эл токтобой кеткен маршруттук каттамдарга нааразы болушууда
Бишкектеги Көк-Жар конушунда кишилерге жыйма толгон маршруттук каттамдардын аялдамага токтобой өтүп жаткандарына конуштун тургундары нааразы. Бул тууралуу жергиликтүү жашоочулардын бири Barometr.kg сайтына билдирди. Анын айтымында, үйгө жетиш үчүн кеминде эки саат күтүп калып жатышат. Аялдамаларда эл толуп, суукта айласыздан күткөндөрү аз келгенсип, бир саатта бир келген маршруттук каттамдын ичи жыкжыйма жүргүнчү болгондуктан анысы да токтобой өтүп кетет.
"Көк-Жар конушуна көп кабаттуу үйлөр салынып баштагандан бери, маршруттук каттамдардын ичи дайыма толтура. Айрыкча суукта тыгылышып калышат. Мен үйгө келгиче эки сааттан ашык күттүм. Үч жолу токтобой кетти. Шаардык мэр бул маселени чечип же карап көңүл буруп койсо жакшы болмок"-деп билдирди өзүн Жылдыз деп тааныштырган Көк-Жар кичи районунун жашоочусу.
Добавить комментарий ×