Көк бөрүчү Манас Ниязовдун кийген кийими аукционго коюлат
Бөлүшүү:
Манас Ниязовдун экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына кийген кийими аукционго коюлат. Бул тууралуу Көк бөрүнүн инстаграмдагы расмий баракчасынан кабарлашты.
Аукциондун баштапкы баасы 2000 сом. Эң көп акча сунуштаган адам утат.
Түшкөн акча толугу менен Ак-Кулада өткөн чемпионатта аттан кулап өз алдынча баса албай калган Дастан Джакеевге берилет.
Аукционго акча сунуштоо инстаграм аркылуу жүргүзүлүп жыйынтык 19-ярварда, саат 21:00дө чыгарылат.
Ссылка: https://barometr.kg/kk-brch-manas-niyazovdun-kijgen-kijimi-aukciongo-koyulat
Добавить комментарий ×